ЖМК: Трамп америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылып кетишин иликтөөнү каалайт

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын командасы 2021-жылы Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарууну уюштурууга катышкан мурдагы жана учурдагы аскер кызматкерлердин тизмесин түзүүдө. Бул тууралуу NBC News телеканалы америкалык аткаминерге жана тизменин иши менен тааныш болгон дагы бир адамга шилтеме жасап кабарлоодо.

Маалыматка караганда, бул ишти иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү мүмкүнчүлүгү да каралып жатат. Эгер комиссия түзүлсө аскерлерди чыгарып кетүү чечимин кабыл алууга түздөн-түз катышкандарды аныктоо иштерин жүргүзөт. Ошол эле учурда Трамптын командасы тизмедеги аскер кызматкерлери мамлекетке чыккынчылык кылганын изилдөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылган. "Алар муну абдан олуттуу кабыл алышат" деген каналдын маектештеринин бири.

Белгилей кетсек, америкалык куралдуу армиянын Ооганстандан чыгарылышы үчүн АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин администрациясы катуу сынга алынган. "Талибан" кыймылы өлкөдөгү бийликти 2021-жылдын август айынын орто ченинде, тагыраагы, АКШ аскерлеринин чыгарылып кетишине эки жума калганда басып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан