Ким Чен Ын аскерлерди согушка толук даярдыкты камсыздоого чакырды

Түндүк Кореянын төрагасы Ким Чен Ын согушка даярдануу керектигин билдирди. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги билдирди.

Ал белгилегендей, командирлер жеке үлгүсү менен батальондордун күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн чыңдоого бүт жанын салып, согушка даярданууда байкаларлык жылыштарга жетишүүгө тийиш.

Ошондой эле Түндүк Кореянын лидери өлкөнүн Куралдуу күчтөрү эгер бир нерсе болуп кетсе, ар кандай согуштук тапшырмаларды тез жана так аткарууга толук практикалык жөндөмгө ээ болушу керектигин баса белгилеген.

Мындан тышкары Ким Чен Ын "Корей жарым аралында тарыхтагы эң чыңалган кырдаалды жараткан" АКШ менен Түштүк Кореянын коркунучуна көңүл бурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан