Бүгүн, 18-ноябрда Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Буга чейин кечээ, 17-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам аталаган шайлоо участкасында добуш берүү мөөнөтү узартылганын маалымдаган.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда өлкөнүн 33 шаарында жана 231 айылдык кеңештеринде шайлоо өттү.