18-ноябрга караган түнү Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү эки жолу Москва тарапка учуп бараткан украиналык учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунун мизин кайтарды. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирген.
Саат 3:54тө Собянин Раменский шаардык районунда учкучсуз учак жок кылынганын жарыялаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, урандылар түшкөн жерде кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес.
Ал эми саат 4:35те Павлово-Посад шаардык районунда дагы бир учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирген. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматынын адистери иштеп жатат.
Буга чейин 10-ноябрда эртең менен Москвага пилотсуз учактар чабуул жасоо аракети жасаганы кабарланган. Андан соң Орусиянын Коргоо министрлиги 70 учкучсуз учак абадан коргонуу системалары тарабынан кармалып, жок кылынганы, анын ичинен 34 учкучсуз учак Москва облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөнү маалым болгон.