Мексикада өткөн "Аалам сулуусу" сулуулар сынагында Кыргызстандын атынан барган 26 жаштагы Майя Турдалиева улуттук кийимдерди көрсөтүүдө ак илбирсти чагылдырган кийим менен чыкты.
Ал Тянь-Шань тоо кыркаларынын көркүн ачкан ак илбирстер ага шык берип турарын айтып, жаныбарларды, жаратылышты коргоого алуу маанилүү экенин билдирип өткөн.
Ал эми ийининдеги чоң найзалар чекиндүүлүктү, маданиятты коргоону жана биздин элдин өзгөчөлүгүн түшүндүрүп турат деген.
“Аалам сулуусу” сынагында биздин костюм биримдиктин, коргоонун символу болуп, туруктуу өнүгүүнүн жана маданий көп түрдүүлүктү сактоонун маанилүү маселелерин көтөрөт. Ар бир адам биздин тарыхыбызды угуп, маданий байлыгыбызды көрүшүн кааладым", - деп билдирген ал.
Костюмду Кыргызстандын таланттуу дизайнери Арзубек Вонама тиккен.