Өлкөнүн Эл сүрөтчүсү, педагог жана маданий ишмер Абдырай Осмонов дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Анда айтылгандай, маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-ноябрда саат 11:00дө Көк-Жар айылында өтөт.
Абдырай Осмонов 1939-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында төрөлгөн.
1959-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1965-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр академиясын бүткөн. Ал тематикалык жанрдагы картиналар менен портрет тартчу. Көп картиналары айыл турмушуна арналган.
Осмоновго Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү наамы 1991-жылы берилген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Абдырай Осмоновдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.