Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов кечээ, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурунда Бишкектин Биринчи май районундагы шайлоо тилкесинде бир жаран бюллетенди тытып салганын билдирди. Ал бул тууралуу жергиликтүү уктуруулардын бирине курган маегинде айтып, ага 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынганын белгиледи.
Анын айтымында, ага карата Укук бузуулар кодекси менен протокол толтурулган.
"Шайлоо маалында жалпы 69 маалымат келип түштү. Мыйзамсыз үгүт боюнча маалыматтар дагы түшкөн. Билесиңер, шайлоо учурунда үгүт иштери жүрбөшү керек. Талапкерлер келип өздөрү үгүттөгөн учурлар болду. Добуш сатып алышы мүмкүн деген маалыматтар келип жатты. Бирок бул боюнча такталган жок. Мындан тышкары 2 майда бейбаштык дагы болду", - деди ал.