Египетте кармалган "Казак" каймана аты менен таанымал 43 жаштагы жаран өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 17-ноябрда Египеттин Интерполунун кызматкерлеринин көмөгү менен Ош шаарына жеткирилген.
Белгилей кетсек, окятбарь айында ИИМ зордуктоого шектелип эл аралык издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Каир шаарынан кармалыганын маалымдаган. Анда шектүү былтыркы жылдын июнь айында шериктери менен бирге 26 жаштагы кызды алдап унаага салып, Ош шаарындагы мейманканалардын бирине алып барып, ал жерден күч колдонуу менен кызды зордукташканы айтылган. Бирок сот шектүүнү жасаган кылмышына карабастан үй камагына чыгарган. Ал эми кылмышкер болсо белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Мындан улам ал эл аралык издөөгө алынган.