Индия өзүнүн биринчи гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады

Индия гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынады. Коргоо изилдөө жана өнүктүрүү уюму (DRDO) ракетаны 16-ноябрдын кечинде Одиша жээгинде сынады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Индиянын бийлиги жарыялаган ракетанын алыстыгы 1500 чакырымды түзөт.

Коргоо министри Раджнатх Сингх ийгиликтүү сыноону өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодогу “маанилүү этап” деп атады.

"Бул тарыхый учур жана бул олуттуу жетишкендик биздин өлкөнү ушундай маанилүү жана алдыңкы аскердик технологиялары бар өлкөлөрдүн тандалма тобуна алып келди", - деп жазды Индиянын коргоо министри X социалдык түйүндөрдө ракета учурулган учурдун сүрөтүн жарыялап.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан