Өлкөдө бир жумада 287 мас айдоочу кармалды 

Кыргызстанда бир аптада 278 айдоочу мас абалында унаа башкарган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин өлкөдө 19 миң 508 жол эреже бузуу аныкталып, 1678 унаа айып короого коюлган.

Бир жумада катталган жол эреже бузуулар:

Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 миң 180;

Мас абалында унаа айдагандар – 287;

Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 279;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 490;

Автоээнбаштык – 6;

Ылдымдыкты ашырып айдоо – 3 миң 243;

Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 859.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан