Бүгүн, 18-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу социалдык тармактарда тренд болуп жаткан шайн мускат жүзүмү менен Дубай шоколадынын сапатына болгон көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.
Жыйында "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып жаткан.
"Мына бүт эле чет өлкөдөн ташылып келип жатат. Азыр мода болуп жаткан Дубай шоколады менен кытайдын жүзүмү чыкты. Эл ала берет экен да. Ошолорго катуу текшерүүлөрдү коюп, тийиштүү чараларды көрүп туруш керек. Ушундай мыйзам каралып жатканда көп өлчөмдө айып пулдарды киргизип коюш керек. Адамдын ден соолугу эң кымбат да", - деди эл өкүлү.