"Бычак сайып, телефонун, 45 миң сомун алып..." Бишкекте тоноого шектелгендер кармалды

Бишкек шаарында тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 7-ноябрга караган түнү Кулиев көчөсүндөгү дүкөндүн жанында болгон. Анда жабырлануучуга кол салган белгисиз жарандар анын бел тарабына бычак сайып, телефонун жана 45 миң сомун тартып алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29, 26, 27 жана 20 жаштагы жарандар кармалып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан