Жон Жонс жеңишинен кийин Трамптын көзүнчө анын хитке айланган бийин бийледи (видео)

UFC уюмунун оор салмактагы титулунун учурдагы ээси, америкалык Жон Жонс UFC 309 турниринде мекендеши Стип Миочичти жеңип алгандан кийин октагондо АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын хитке айланган бийин бийледи. Андан кийин мушкер жеңип алган курун Трампка барып такты.

Бул учурда октагондун четинде Трамп менен дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маск отурган. Алар бийди көргөндөн кийин жылмайып кол чабышты.

Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин дал ушул бийди эл алдында бийлеген. Анын бийи дароо дүйнө жүзүнө тарап, хитке айланды.

Жон Жонс жеңишинен кийин Трамптын бийин бийледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан