Бүгүн, 18-ноябрда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы ооруканалардын биринде өрт чыгып, ооруканадагы бейтаптар терезеден секириишти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Өрт имараттын чатырынан башталып, 300 чарчы метр аянтка жайылган. Алгач бейтептар эшик аркылуу эвакуация болсо, айрымдары 3-кабаттын терезесинен секиришкен. Мындан улам 45 жаштагы киши секирүү учурунда жаракат алган.
Учурда өрт чектөөгө алына элек. Жалын жүрөк оорусунан жабыркагандар жаткан реанимация бөлүмүнө жеткен.
Ооруканадан жалпы 35дөй бейтап эвакуация болду. Учурда жеринде бардык кызматтар иш алып барышууда.