Түркия Израилдин президенти Ицхак Герцогдун учагынын аба мейкиндиги аркылуу Азербайжанга өтүүсүнө уруксат бербей койду. Бул тууралуу 17-ноябрда түркиялык Milliyet гезити эки өлкөдөгү дипломатиялык булактарга таянып жазып чыкты.
Герцог Түркиянын аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салганына байланыштуу Бакуда пландалган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына бара албай калды.
"Тилекке каршы, дипломатиялык каналдар аркылуу бир нече күндүк сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Азербайжан климат боюнча конференцияга бардык тараптардын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берди, бирок Израилдин президентинин визитине байланыштуу кырдаал биздин өлкөгө көз каранды болбогон себептерден улам пайда болду", - деп билдирген Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги.
13-ноябрда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Түркия Израил менен мамилесин үзгөнүн жана келечекте аны калыбына келтирүү планы жок экенин билдирген.