"Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Иранга каршы оюндун алдында билдирүү жасады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын эртең, 19-ноябрда өтө турган Кыргызстан-Иран беттешинин алдында оюн боюнча билдирүү жасады.

Бишкекте өткөн маалымат жыйында башкы машыктыруучу алдыда оор беттеш күтүп турганын жашырган жок.

"Өзүңүздөр билгендей эле, конокто оор жана ийгиликсиз беттешти өткөрдүк. Ошондуктан биздин негизги милдет балдарды физикалык жактан калыбына келтирүүдөн тышкары, аларды психологиялык жактан кайра шыктандырууга жана эртеңки боло турган өтө оор беттешке даярдоого аракет кылуу. Эртең бизди күчтүү курама команда, мыкты футболчулар менен беттеш күтүүдө. Биздин футболчулар бул тирешүүгө даяр деп ишенем", - деди ал.

Эртең, 19-ноябрда Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Иран курамасын кабыл алат. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан