Англиянын футбол ассоциациясы (FA) лондондук "Тоттенхэмдин" уругвайлык жарым коргоочусу Родриго Бентанкурду өзүнүн командалашы Сон Хын Минге карата расисттик тамаша кылганы үчүн 7 оюнга четтетти. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Буга чейин Бентанкур катышкан видео тараган, анда теле алып баруучу оюнчудан командалашынын футболкасын сураган.
"Сондукубу? Бул Сондун бир тууганынын футболкасы болушу мүмкүн. Алардын баары эле окшош го", - деген ал.
Кийинчерээк футболчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түштүк кореялык футболчудан кечирим сураган.
Бул видеодон кийин Бентанкурга Англиянын Футбол Ассоциациясы "ылайыксыз жүрүм-турум" жана "этникалык же расалык кемсинткен же кемсинткен сөздөрдү колдонуу" деген айып тагып, 7 оюндан четтеткен.
Ошондой эле футболчу 120 миң еврого жакын айып төлөшү керек.