Ливан менен "Хезболла" кыймылы АКШ сунуш кылган Израил менен ок атышпоо келишиминин долбоорун жактырышып, мазмунуна айрым комментарийлерди беришти. Бул тууралуу Ливан парламентинин спикеринин жардамчысы Али Хасан Халил Reuters агенттигине билдирди.
Кечээ, 18-ноябрда Ливан Американын Бейруттагы элчиси Лиза Жонсонго кат түрүндө жообун жөнөткөн.
Али Хасан учурда бардыгы Израилден көз каранды экенин белгилеп, ок атышпоого жетишүү үчүн жасалган аракеттерди эң олуттуусу деп атады.
"Комментарийлер оң маанайда берилди" деп баса белгиледи Халил. Ошондой эле ал бул боюнча толук маалымат берилбей тургандыгын кошумчалаган.
Ливандын премьер-министри Наджиб Микати мурда билдиргендей, республикалык бийликтер эми жакында Бейрутка бара турган америкалык эмиссар Эймос Хокстин менен келишимди талкуулашат.