Орусияда 50 жаштагы кыргызстандык жаранды Тыва Республикасынын жергиликтүү соту 7 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу орус басылмалары аталган соттун басма сөз кызматына таянып жазышты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында Шагонар шаарында ижарага алган батирде эки жаран спирт ичимдигин ичишкен. Алардын ортосунда келишпестик жаралып, 50 жаштагы жаран 45 жаштагы тууганынын моюн жагына бычак сайып жиберген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.
Ал эми айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүгү (Байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөй турганы маалым болду.