Ири көлөмдөгү баңгизат сатууну көздөгөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында бир нече адам, болжолдуу түрдө Токтогул районунун тургундары баңгизат таратуучу канал ачканы тууралуу маалымат алышып, аларды кармоо үчүн изине түшүшкөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Алар Бишкекте товарын ири өлчөмдө сатуу үчүн кардар издеп жатышканы белгилүү болгон. Буга байланыштуу аларды кармоо үчүн атайын план иштелип чыгып, ыкчам кызматкерлер кардар катары жолуга турчу жерге барышкан. Ал жактан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун кылмышка шектүү тургундары баңгизатын Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага алмаштыргысы келгенин айтышып, макулдашышкан.
Натыйжада милиция кызматкерлери унааны Токтогулда 5 килограмм гашиш баңгизатына алмаштыруу иштерин уюштурушуп, шектүү делген Токтогул районунун 29 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн. Ошондой эле Бишкек шаарынан анын шериги, Токтогул районунун 27 жаштагы тургуну кармалып, андан салмагы 138 грамм гашиш баңгизаты табылган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда тергөө иштери уланууда.