Трамп мигранттарды массалык депортациялоо программасын ишке ашырууну каалай турганын ырастады

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп мигранттарды массалык депортациялоо программасын ишке ашырууну каалай турганын ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал белгилегендей, администрация армияны колдонууга жана мыйзамсыз мигранттарды массалык депортациялоо үчүн өзгөчө кырдаал жарыялоого даяр.

"Бул чын!" - деп Дональд Трамп "Judicial Watch" консервативдик уюмунун жетекчиси Том Фиттондун "Чындык" социалдык тармагындагы жогорудагы аракеттерин сүрөттөп жазган билдирүүсүнө жооп кылып жазды.

Эске сала кетсек, буга чейин АКШнын кийинки президентинин штабынын басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт кызматка киришкендин биринчи күнү эле мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча өлкөнүн тарыхындагы эң ири операцияны ишке ашыра турганын билдирген. Анын айтымында, Дональд Трамп АКШнын түштүгүндөгү Мексика менен чек араны коргоо үчүн бардык чараларды көрөт, ал эми АКШнын азыркы лидери Жо Байдендин администрациясы мындан баш тартууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан