Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан чоң жыйырмалыктын саммити учурунда Парагвайдын президенти Сантьяго Пенья шашылыш ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, ал иш-чара учурунда жүрөгү ооруп, ооруканага жеткирилген. Парагвайдын вице-президенти Педро Аллиана президент менен байланышканын, анын абалы жакшы экенин, узак мөөнөткө ооруканада жатпай турганын айткан.
"Ооруканада жаткан президент менен сүйлөштүм. Ал өзүн жакшы сезип жатат жана тесттин жыйынтыгын күтүп жатат", - деп жазган ал X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал эми Сантьяго Пенья жаткан клиника жакынкы сааттарда анын ден соолугунун абалы тууралуу медициналык корутунду берүүнү убадалаган.