Грузиянын Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү Тбилисидеги демонстранттарды кууп таркатты. Алар күн мурун мамлекеттик университеттин имаратынын жанындагы проспектидеги жолду чатырлар менен жаап салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Демонстранттар менен полициянын кагылышуусу башталып, бир нече адам камакка алынганы кабарланууда.
Атайын күчтөр имараттын жанына орнотулган баррикадаларды бузуп, демонстранттар жолдорду тосуу үчүн колдонгон унааларды эвакуациялоону координациялашты. Ошентип укук коргоо кызматкерлери Чавчавадзе проспектисин толугу менен тазалап, демонстранттарды жакын жердеги Меликишвили проспектисине кетиришкен.
Буга чейин 18-ноябрга караган түнү Ника Гварамия баштаган оппозициялык “Өзгөртүү коалициясынын” активисттери мамлекеттик университеттин имаратынын жанына 30дай чатыр тигишкен. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн күрөштүн жаңы этабына өткөнүн жарыялашкан.