Бүгүн, 19-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев турак жайга болгон камсыздандырууну киргизүүнүн алдында курулуштарды тартипке келтирип алуу керектигин билдирди.
Ал салынган үйлөрдүн 90 пайызы архитектордун уруксатысыз курулганын белгилеп, эртең көйгөй жаралса жарандар камсыздандырууну ала алышпай каларын айтты.
"4 киловаттык зым салыш керек болсо, 2 киловаттык салып жатат. Жездин ордуна алюминий салып жатышат. Ал арзаныраак да. Эртең өрт чыгып кетсе силер төлөбөйсүңөр. Айтасыңар "стандарт боюнча алюминийдин ордуна жез болуш керек болчу" деп. Эгерде чагылган тийип күйүп кетсе анан төлөп берет. Калган учурда төлөнбөйт да. Эмнеге биз элди алдап жатабыз? Биринчи үйлөрдүн курулушун тартипке келтиришибиз керек. Ар бири техникалык стандартка туура келгидей болушу шарт", - деди Масалиев.