Чет элдик жарандар Өзбекстандын мамлекеттик эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы ачык мазактоо жана аракеттери үчүн Өзбекстандан чыгарылат. Алар Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын тизмесине киргизилип, алардын республикада болушу кабыл алынгыс деп табылат.
Бул тууралуу президент 15-ноябрда бекиткен “Өзбекстан Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзамды бузган чет элдиктер беш жылга кара тизмеге киргизилет. Буга Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын кеңешинин, Сенатынын кеңешинин, ошондой эле атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунуштары негиз болот. Эгерде бул тизмеге кирүүгө негиз жок кылынбаса, мөөнөт дагы беш жылга узартылат.
Тизмеге киргизилген чет өлкөлүк жарандарга Өзбекстандын аймагына кирүүгө, банктык эсептерди ачууга, кыймылсыз мүлк сатып алууга, республиканын мамлекеттик мүлкүн менчиктештирүүгө катышууга, финансылык жана келишимдик мамилелерге кирүүгө тыюу салынат.
Тизмеге киргизилген чет өлкөлүк жаранга бул тууралуу үч жумушчу күндүн ичинде билдирилиши керек. Ал кабарланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө милдеттүү. Болбосо өлкөдөн күч менен чыгарылат.