Ливандын түштүк бөлүгүн оккупациялоо учурунда Израилдин коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү орус курал-жарактарынын олуттуу чоң арсеналдарын табышкан. Атап айтканда, "Корнет" танкка каршы ракеталары жана башка заманбап ок-дарылар табылган. Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымат булактарына таянуу менен жазган.
Гезиттин маалыматына караганда, жакында эле эскалация аймагына Сириянын резервдеринен кээ бир куралдар жеткирилген. Жалпыга маалымдоо каражаттары Орусия Сириянын аскерлерин ок-дары менен системалуу түрдө камсыздап жатканын, ошондой эле республикада өзүнүн аскердик арсеналдары бар экенин баса белгилешет.