Бүгүн, 19-ноябрда "Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, тегерек столго депутаттар, Улуттук банктын, Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин адистери, жабырлануучулар, банктардын, микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Депутат Шарапаткан Мажитова белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамда белгиленген чектен жогору пайыз менен насыя берген жактарга жоопкерчиликти күчөтүү, аларга айып пул салуу каралууда.
“2010-жылы кабыл алынга мыйзамда орточо пайыздык чен 15 пайыз болсо, азыр 3 жана 7 пайызга токтолуп жатабыз”, - деди Мажитова.
Аны менен катар кредитор менен карызкордун соттук териштирүүсү учурунда пайыздын, пениянын өсүүсүн да токтотуу сунушталууда.
Тегерек столдо жабырлануучулардын бири Абдумалик Кудайбердиев учурда банктарда пайыздык чен 36 пайыз, кредиттик союздарда 60 пайызга чейин көтөрүлүп жатканын айтып айтып, 5 миң доллар насыя үчүн 100 миң долларлык үйлөрүнөн ажырап жаткандарды мисал келтирди.
Мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрү Гуля Кожокулова, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаев, Динара Ашимова өз пикирлерин билдирип, акча-кредиттик саясат багытында Улуттук банктын ишин сынга алды. Депутаттар бул маселени талкуулоого улуттук банктын төрагасы, директорлор кеңешинин төрагасы катышуусу кажет деди.