Кечээ, 18-ноябрда Бишкектеги той каналардын биринде актёр Бактияр Шаршенбаевдин үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында сүрөт, видеолор менен бөлүштү.
Тойго анын жакындары, достору жана чыгармачылыктагы кесиптештери катышкан.
Белгилей кетсек, сүйүктүүсү Нурзат Болотбекованын кыз узатуу тоюу 16-ноябрда өткөн.
Актёр мырза "Акыркы сабак", "Агай" сериалдарында жана бир нече тасмаларда башкы каармандын ролун жаратып күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.