Түндүк мобилдик тиркемесине "Калкты тейлөө борбору" жаңы бөлүмү киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.- калкты тейлөө борборуна онлайн кезекке туруу;
- жашаган жери боюнча каттоо;
- ID-паспортту алмаштыруу;
- Жарандык абалдын актыларын каттоо документтерин санариптештирүү;
- дареги боюнча катталган адамдардын саны тууралуу маалымкат алуу;
- күбөлүктү кайра алуу (туулгандыгы тууралуу, нике, ажырашуу жана башка документтер).