Жакында Бишкек шаарынын планы иштелип чыгат

Бүгүн, 19-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу жакында Бишкек шаарынын башкы планы иштелип чыгарын билдирди.

Ал муну административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын аянты кеңейгенине байланыштуу болуп жатканы менен түшүндүрдү.

"Бишкектин жаңы башкы планын түзүп, парламенттин талкуусуна алып келебиз. Анда кайсы жерде көп кабаттуу үй, кайсы жерде жеке турак жай же дүкөн болушу керектигин бекитебиз", - деди Иманакун уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан