"Шортачан жүрсөм 5-кабаттан бирөө карап турабы?" Депутат көп кабаттуу үйлөрдү бир аймакка курууну сунуштады

Бүгүн, 19-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев калктуу конуштарга курулуп жаткан көп кабаттуу батирлерди токтотууга чакырды.

Ал жер үйлөрдүн арасына курулган батирлер жашоочуларга оорчулук жаратарын айтып, көп кабаттуу үйлөрдү өзүнчө бир аймакка куруу керектигин белгиледи.

"Мен Мамакеев ооруканасынын жанында, жер тамда 12 жылдан бери жашайм. Азыр козу карындарга окшоп тегерете эле көп кабаттуу үйлөр курула баштады. Жылдан жылга суунун күчү төмөндөп жатат. Албетте, көп кабаттуу үйлөргө насос менен тартышат да. Биз ушу шаар аймагындагы жер үйлөрдүн арасына курулган көп кабатуу имараттарды адистер менен кошо карап, таанышып чыкпайлыбы? Кандай курулуп жатат, эмнеге кокустан эле мындай 10-20 кабаттар салынып жатат? Биринчиден, жанагы суу, газ, канализацияга оорчулук жаратат. Экинчиден, мен эгер короодо шортачан жүрсөм бирөө 5-кабаттан карап отурабы? Ошондуктан башка өлкөлөрдүн тажыйырбасын алып, квартал-квартал кылып курганда туура болот го дейм. Кокусунан кошунаң 10 кабат үй салып койсо ыңгайсыз болот го. Эшикке дагы ээн-эркин чыга албай калабыз", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан