Меймандос Түркиядагы эң кызыктуу жергиликтүү салттардын бири – дервиштердин бийи. Дервиштердин Сема деп аталган бийи ритуалдык медитациядан турат. Чимирилүү менен аткарылган бий аркылуу Кудайга жакындоого болот дешет.
Кыргызстандык журналисттердин сапары Каппадокиядагы дал ушул дервиштердин бийи өтчү жерден башталды. Алдын ала "кол чаппагыла, сүрөткө тартпагыла, тынчтыкты сактагыла" деген эскертүүлөр берилди. Алардын аткаруусун басымдуу бөлүгү Германиядан жана башка өлкөлөрдөн келген туристтер, алардын катарында биз да таңдануу менен карап отурдук.
Биринчи күбө болуп жаткан адамга дервиштердин бийи зеригичтүү сезилет. "Сема" деп аталган бул ритуал жөн гана бий эмес, сыйынуунун бир түрү. Семазендер жана шейхтер ритуал учурунда башына кийизден калпак, желбиреген ак көйнөк, кээде сыртынан кара чапан кийишет. Ак көйнөк - кепинди, сыртындагы чапан- табытты, ал эми башындагы калпак табыттын үстүнө коюлган селдени чагылдырат дешет.
Узун калпактар көктөн, узун этектер жерден энергия алып, асман менен жердин ортосунда чимирилген Сема бийинен ар бир адам өз деӊгээлине жараша таасир алат болушу керек. Бирок дервиштердин "толкунун" кармай алсаӊ, алардын ыргагына түшө алсаӊ, чынында, башка бир дүйнөгө жол алгандай болосуӊ.
Жүрөгү айлануучу дервиштердин спектакли жети бөлүктөн турган ритуал, адамзаттын жаралышынын символикалык көрүнүшү. Дервиштер айланган сайын жердеги байлыктарын таштап, Кудайга жакындашат. Алардын ак кийимдери буралган галактикалардай желбиреп, ар бир кооз айлануу менен алар Кудайга жакындашат.
Ар бир кыймыл суфизмдин алкагында тазаланып, терең ыйык мааниге ээ. Акция Руминин Мухаммед пайгамбарды даңктаган ырлары менен башталат. Андан кийин музыканын алдында аппак кең юбка кийген бийчилер чыгышат – алар колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып, акырындык менен бир тарапка (оңдон солго) айланып, бир эле учурда тегерек айланышат. Музыка жана темп ылдамдаган сайын, ырым-жырымдын катышуучулары колдорун ачып, оң колдорун өйдө - Кудайды, сол колдорун ылдый - жерге көрсөтүшөт. Бул кудайлык энергияны алууну жана берүүнү билдирет. Маанилүү аспект: башы так 25 градуска эңкейиш керек - жер огунун болжолдуу бурчу. Дервиш бийи анча деле кыйын көрүнбөйт, бирок жаңы баштагандар аны жылдар бою үйрөнүшөт. Чеберликке жетишкен ар бир суфиге катышууга уруксат берилбейт – адегенде ал монастырдын дубалдарында 1001 күн болуп, өзүнүн ишениминин олуттуулугун кызмат жана сергектик менен далилдеши керек.
Айтор, Түркияга барганыңызда бул өзгөчө ырымга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.
Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.