Баткендин бир нече айылдарында ички жолдор оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Төмөнкү жолдордо оңдоо иштери жүрүүдө:
- Айгүл-Таш-Согмент-Таян унаа жолунда жолдун негизин даярдоо иштери жүрүүдө.
- Катран-Өзгөрүш унаа жолунда асфальт төшөө үчүн жер иштери жүрүп, жолдун негизи даярдалууда.
- Арпа-Сай жолунда тротуар салуу (1 чакырым) жумуштары жүрүп жатат.
Мындан тышкары күз-кыш мезгилине карата даярдыктар көрүлүп, инерттик материалдарды, техникаларды даярдоо жумуштары уланууда.