Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасына Иран курамасы менен беттеште колдоо көрсөтүү үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мамлекет башчы менен бирге стадионго Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барышты.
Белгилей кетсек, бул иш-чара өлкө жетекчилиги спортту өнүктүрүүгө жана улуттук командаларды колдоого олуттуу маани берерин дагы бир ирет айгинелейт.
"Садыр Жапаровдун кыргыз футболчуларын колдоо үчүн беттештерге келиши жакшы салтка айланды.
Бүгүнкү оюн Кыргызстандын курамасына жеңиш алып келерине ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.