Кожо Жоэл Иран менен болгон беттеште мыкты оюнчу деп табылды

Өлкөнүн футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл Иран менен болгон беттеште мыкты оюнчу деп табылды.

Эске салсак, оюн кечээ, 19-ноябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Анда "Ак шумкарлар" 2026-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу турунун алкагында Иран курамасы менен кез келип, 2:3 эсебинде жеңилип калды. Кыргыз курамасына 2 голду тең Кожо Жоэл алып келди.

Бул биздин футболчулар үчүн быйылкы жылдагы акыркы оюн. Кийинки оюндар ушул эле тандап алуу турунун алкагында жазында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан