Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов жарандык паспорт 2 адамга берилип калган учурлар бар экенин билдирди.
Анын айтымында, Ноокат районунун 37 жаштагы тургуну паспорт алууга барганда анын ордуна башка жаран алып алганын билген.
"Ушуну тактап, укук коргоо органдарына тапшырма берип койсок. Бир паспорт 2 кишиге берилсе боло береби?" - деди Марипов.