"Жайлоонун жолдору асфальтталат". Шакиев мындай иштер 2027-жылдан тартып башталарын айтты

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 2027-жылдан баштап бардык айылдарга алып барган өлкөнүн ички жолдорун асфальттоо иштери башталарын билдирди.

Жыйында "Жол фонду жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып жаткан.

"Мен кечээ президент Садыр Жапаров менен сүйлөштүм. Буюрса, 15-20-декабрь аралыгында 1250 даана жол тармагына иштей турган атайын техникалар келет. Ошол техникалардын 750сү ушул фонддон түшкөн каражаттын эсебинен алынды. Эми 2027-жылдан тартып, түшкөн каражаттардын негизинде бардык айылдарга жана жайлоолорго кеткен жолдорго чейин асфальт төшөлөт", - деди Шакиев.

Белгилей кетсек, 2022-жылы жол тармагын өнүктүрүү багытында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында Жол фонду түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан