Красноярск шаарында окуучулар массалык түрдө ууланды

Орусиянын Красноярск шаарындагы мектептердин биринде окуучулардын массалык уулануусу катталды.

Алдын ала маалыматка ылайык, кечээ, 19-ноябрдагы түшкү тамактан кийин ар кайсы курактагы 23 окуучу өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Бардыгына алдын ала ротавирус инфекциясы диагнозу коюлган.

Орусиялык басылмалар жазышкандай, 23 окуучунун ичинен 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, экөө ооруканага жаткарылган.

Аталган окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү») боюнча кылмыш иши козголду. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан