Биз социалдык тармакта

"Сөөгүн көчөгө таштап кеткен". Бишкекте 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Бишкекте денеге келтирилген оор залакаттын кесепетинен каза тапкан аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 9-ноябрга караган түнү саат 03:00 чамасында калаадагы Каховская жана Үч-Терек көчөлөрүнүн кесилишинде болжолдуу жашы 30-35 жаштагы европа улутундагы белгисиз аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Маркум 1986-жылы туулган Н.В. аттуу жаран экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгү (Өлүмгө алып келүү менен ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында маркумдун денесинин опурталдуу бөлүктөрүнөн алган жаракаттарынан улам каза болгону аныкталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган П.Д. аттуу жаран кармалып, 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан