Өзбекстандын Нурафшон шаарынын төрөт комплексинде 6 килограмм 865 грамм салмактагы бала төрөлгөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Ымыркайдын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Маалым болгондой, мындай окуя Ташкент облусунда биринчи жолу катталган.