Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев кесиптеши депутат Мирлан Самыйкожодон "Манас" эпосунан үзүндү айтып берүүсүн суранган.
"Мыйзам долбоорунун автору, демилгечиси катары "Манас" эпосунан 5-10 сап айтып бербейсизби? Эгер макул болсоңуз", - деди Айдаралиев.
Анда Мирлан Самыйкожо ага жооп катары: "Кыргыздын ар бир уулу "Манасты" билүүсү зарыл. Албетте, айтып берем. "Манас" эпосунда кошоматчыларга арналган саптар бар. Ошондон үзүндү айтып берейин", - деп эпостон үзүндү айтып берди.