Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу башталды

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарында Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушуна капсула салынды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте мындай борбордун түзүлүшү турмуштук маанилүү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, Кыргызстанда бөйрөк жана боор ооруларын диагностоо жана дарылоону жаңы деңгээлге чыгара турганын баса белгиледи.

Белгиленгендей, жалпы наркы 446,6 миллион сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоо жана адистештирилген реабилитацияны талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтөт.

"Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү, ошондой эле генетикалык жана биохимиялык изилдөө лабораториясы болот. Борбордо операциялык бөлмөлөр, интенсивдүү терапия бөлүмдөрү жана бейтаптарга трансплантациядан кийинки кам көрүү бөлүмү болот", - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан