Каппадокиядагы аба шарларынан учуунун баасы канча? Толук маалымат

Каппадокия аймагы жаратылыш кооздугун бийиктиктен көрүү максатында уюштурулган туристтик аба толтурулган шарлары менен белгилүү. Aл жерде жанар тоолордон чыккан лавалардан табигый жолдор менен пайда болгон кооз дөңсөөлөр жайгашкан жана бул аймак 1985-жылы ЮНЕСКОнун маданият жана жаратылыш жаатындагы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кыргызстандык журналисттердин сапарынын экинчи күнү Каппадокиянын тарыхый борбору Гөремеде ысык аба шарында саякаттоо менен уланды. Каппадокиядагы ысык аба шарлары Түркиядан тышкаркы жерлерде да белгилүү. Мындан тышкары алар бул курорттук өлкөнүн негизги кооз жерлеринин бири деп аталат.

Каппадокияда адамдар дээрлик жыл бою ысык аба шарларында учушат, бирок мындай саякат үчүн эң жакшы тандоо апрелдин аягынан октябрдын аягына чейинки мезгил эсептелет. Дал ушул мезгилде Түркияда эс алуу сезону кызуу жүрүп, сырттагы аба ырайы ыңгайлуу. Ысык аба шарлары асмандан аймактын укмуштуудай пейзаждарын байкоого мүмкүндүк берет.

Сапардын узактыгы 1-1,5 сааттын чамасында. Учуунун башталыш убактысы мезгилге жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок көпчүлүк учурда таң атканга туура келет. Жайында шардын учуусу эртерээк (саат 4:30дан 5ке чейин), кышында жана күзүндө кечирээк (6дан 7ге чейин) башталат. Бул укмуштуудай панораманы көрүүгө жана күндүн чыгышынын фонунда кооз кадрларды тартууга мүмкүндүк берет.

Адатта бир шарда 10дон 28ге чейин адам учат. 6 жашка чейинки балдарга учууга болбойт, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар чоң адамдын коштоосунда гана кабыл алынат. Билет сатып алардан мурун компаниянын камсыздандыруу полиси бар экенин тастыктаган документтерди карап чыгыңыз.

Бул көңүл ачуунун баасы мезгилге, учуу убактысына, уюштуруучу компанияга жана учуунун узактыгына жараша болот. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн санын эске алуу керек. Орточо эсеп менен алганда сезон убагында киши башына 250 еврого чейин барса, күз-кыш мезгилинде 70-80 евро болот.

Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.

Видео
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан