Беларусь телевидениеси өлкөгө аскердик басып кирүү планы көрүлүп жатканын жарыялады

Беларусь өлкөсүнүн ONT мамлекеттик телеканалы өлкөгө аскердик басып кирүү планы көрүлүп жатканын жарыялады. Бул тууралуу аталган телеканал өзүнүн Телеграм каналына жазды.

"Биздин журналисттер иликтөө иштерин жүргүзүштү жана бүгүн кечинде алар бул кандайча болгонун көрсөтүшөт", - деп жазды телеканал.

Телеканалдын маалыматы боюнча, чет мамлекеттердин тиешелүү планы бар, анда бардык максаттары жана милдеттери, ролдору жана этаптары кеңири баяндалган. ONT кайсы өлкөлөр жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.

Буга чейин Беларустун президенти Александр Лукашенко бир нече жолу коңшу өлкөлөрдү, атап айтканда Польша, Латвия жана Литваны чек арага аскерлерин топтоп жатат деп айыптап, өлкөсүн ыктымал жаңжалга даярданууга чакырган.

Сентябрда Лукашенко Беларустун коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары да бекемдеп, мүмкүн болгон согушка даярдануусу керектигин дагы бир жолу кайталаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан