Орусиянын жаратылыш ресурстары жана экология министри Александр Козлов Пхеньяндын борбордук зоопаркына Орусиянын президенти Владимир Путиндин белегин — 70тен ашык жаныбарды тапшырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, Москва зоопаркынан африкалык арстан, эки күрөң аюу, эки үй топозу, беш ак какаду жана башка канаттуу жаныбарлары Москва зоопаркынан Түндүк Кореянын борборуна өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрель айында Москва зоопаркы Пхеньян зоопаркына бүркүт, турна жана тоту куш канаттууларын өткөрүп берген.