Депутат "Манас" эпосундагы аттардын арак, коньяктарга берилишин "уят" деп атады

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Манас үчилтигинин башкы каармандардын ысымы спирттик ичимдиктерине колдонулуп жатканына нааразы болуп, өкмөттү идеологиялык багыттарга көңүл бурууга чакырды.

Жыйында "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Эпостогу каармандардын атын арак, коньяктарга берилиши уят! Буга ким уруксат берип жатат. Манас, Семетей, Сейтек деп атат жатышат. Биздин Манас Бабабыздын атын мындай нерселерге берүү уят нерсе", - деди ал.

Маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова убагында спирт ичимдигин өндүрүүчүлөргө Кыргызпатент тарабынан товардык белгиге уруксат берилип калганын айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун каттоодон өткөн 88 депутаттын 67си колдоду. "Каршы" добуш бергендер болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан