Кыргызстанда поэзия жана балдар адабияты жаатындагы жазуучуларга сыйлыктар тапшырылды

Кыргызстанда поэзия жана балдар адабияты жаатындагы жазуучуларга сыйлыктар тапшырылды. 12-декабрь күнү өлкөбүздө Улуттук адабият күнү белгиленип, ошол күнү Жазуучулар кеңеши майрамдык чогулуш өткөрдү. Чогулушта  поэзия жана балдар адабияты жаатындагы мыкты жазуучуларга Алыкул Осмонов жана Тоголок Молдо атындагы сыйлыктар тапшырылды. Поэзия жаатында Алыкул Осмонов сыйлыгын Керимбек Кадыракунов менен Атакул Жакыповго, балдар адабияты жаатында Тоголок Молдо сыйлыгы Абдыкерим Муротовго жана Абдылда Карасартовго ыйгарылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан