Бишкектин "Дордой" клубу украиналык футболчулары менен коштошту

Кыргыз Премьер-Лигасында ойногон Бишкектин "Дордой" футболдук клубу курамындагы украиналык футболчулар менен коштошту. БУл тууралуу бишкектик клубдун басма сөз кызматы кабарлады.

Клуб украиналык Алексей Лобов, Анатолий Козленко, Владимир Заименко жана Юрий Сеницкий аттуу футболчулары менен коштошкон. Алар клуб менен түзүлгөн келишимди өз ара макулдук менен токтоткон.

"Дордой" клубу футболчуларга ыраазычылыгын билдирип, алдыдагы карьераларына ийгилик каалады.

"Дордой" клубу Кыргыз Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалында учурда 55 упайы менен "Абдыш-Атадан" кийин экинчи орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан