Израил палестиналыктарга ХАМАСтын туткунунан бошотулушу мүмкүн болгон ар бир барымтадагылар үчүн 5 миллион доллар төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 19-ноябрда Газа тилкесине барганда билдирди.
"Бул абалдан чыгууну каалагандарга айтарым: барымтага алынгандарды алып келгендерге биз коопсуздугун карайбыз. Аны да, үй-бүлөсүн да", - деди жөөт мамлекетинин башчысы.
"Тандоо сеники. Кандай болгон күндө да жыйынтык бирдей болот. Биз бардык барымтадагыларды кайтарабыз", - деп кошумчалады Нетаньяху.
Эске салсак, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 2023-жылдын 7-октябрында 1200 тургундун өлтүрүлүшү жана 250 кишини барымтага алуу менен башталган. Абал Газа тилкесиндеги ХАМАСтын куралдуу жактоочуларынын Израилге кол салуусунан кийин курчуп кеткен.