Бул жолу SUPER.KG порталынын маек төрүндө футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жылдызы Азамат Байматов болду. Ал жакында эле футболдук карьерасын жыйынтыктай турганын билдирген. Футболчу бул чечимге баруусуна эмне түрткү болгонун, спорттогу унутулгус учурларын айтып маек курду.
"Жети өлчөп, бир жолу кес" дейт, бардыгын ойлонуп, жеке өзүмдүн футболдук карьерамды аяктадым. Бул нерсенин өзүнүн себептери бар. Ал эми машыктыруучулук карьерам башталып жатат, баары план боюнча. Кечээ футболдук карьерамды жыйынтыктасам, бүгүн машыктыруучулук карьерамды баштап жатам", - деген ал.
Ошону менен катар футболчу спортто бир катар кыйынчылыктар, аны менен кошо кызыктуу күндөр болорун айтып өткөн.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.